Чүй райондук милиция кызматкерлери айыл тургундары менен жолугушту (сүрөт)

Чүй райондук милиция кызматкерлери Искра, Кара-Дөбө айылдарынын жашоочулары жана мектеп окуучулары менен жолугушууларды өткөрдү. Анда тартип сакчылары калк менен ишенимдүү мамиле түзүү, элдин көйгөйүн жеринен чечүүгө көмөктөшүү милициянын башкы тапшырмаларынын бири экендигин белгиледи.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, аталган жолугушууга жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жана райондук мамлекеттик администрация, ошондой эле жергиликтүү тургундар катышкан.

Иш-чарада айыл тургундарына милиция кызматкерлери тарабынан калк арасында болуп жаткан көйгөйлөргө кеңештер берилип, юридикалык, социалдык багыттагы муктаждыктарга жеринен жардам көрсөтүлдү.

"Мындан тышкары тургундарга мал жандыктарына сак болуу жана коопсуздугун камсыздоо максатында сарайлардын эшик, терезелерин торлоо, эшиктерине кулпу салуу боюнча кеңештер берилди. Аны менен катар маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатын, эскерүү кечелерин өткөрүүдө, үйлөнүү-үлпөт тойлорун жана башка салтанаттарды майрамдоодо ысырапкерчиликти болтурбоо керектиги эскертилип, бул багытта түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан