"Эгерде
бийлик Ахматбек Келдибековду бошотпосо, биз Бишкек-Ош каттамын тосуп, Ош жана
Жалал-Абад облустук администрацияларын басып алабыз”. Минтип бүгүн, 28-ноябрда
Бишкекте өткөн маалымат жыйынында депутаттын тарапкери Иосиф Аттокуров
журналисттерге билдирди.
Ал:“Эгерде президент менен премьер-министр Келдибековдун тарапташтары койгон
талапты аткарбаса, биз Ош жана Жалал-Абад облустарынын администрацияларын басабыз.
Алгач үч облусту алабыз. Ал жакта 3 миллион эл бар. Андан соң Бишкекке келебиз
да, борбордук бийликти кулатабыз”,- деди.