Бишкекте 9-кабаттан секирип жанын кыюуга аракет кылган аялды токтотуп калышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 5-май күнү саат 18:20 чамасында Бишкектин Байтик баатыр жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги турак үйдүн 9-кабатынан аял секирип өзүнүн жанын кыюуга аракет кылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Ал жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 5 куткаруучусу тартылып, аялды түшүрүп ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.