Сокулукта сабалган 2 жашар баланы эжеси менен жолуктурушту

Сокулукта сабалган 2 жашар баланы эжеси менен жолуктурушту. Бул тууралуу укук коргоочу Назгүл Турдубекова Фейсбук баракчасына жазды.

“Егор 4 жашар эжеси менен жолукту. Бири-бирин 3 айдан бери көрө элек болчу. Бул аралыкта канча кубанычтар болду, бирок Егор эжесин көргөндөгүдөй сүйүнө элек болчу. Эжесинин колдоосу анын психо- эмоционалдык жактан батыраак сакайышына көмөктөшөт”, - деп жазды Турдубекова.

Эскерте кетсек, Чүй облусунун Сокулук районунда денесинен жаракат алган эки жашар бала аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Кийинчерээк бала палатага которулганы, аны атасынын иш берүүчүсү сабаганы кабарланган.

Алдын ала маалыматтар боюнча баланын апасы күйөөсүнүн иш-берүүчүсү менен жашап жүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан