SUPER.KG порталынын "Поэтерапия" рубрикасынын бул жолку каарманы акын Керимбек Молдалиев.
ҮЙДӨ ҮЧӨӨБҮЗ
Үйдө үчөөбүз, кобурашып кеп салып,
Көчөдө суук, аяз кетет бет каарып.
Кыштын түнү кылым го деп кобурап,
Көсөп мешти апам улам от салып.
Казан асып, апам жасайт тамагын,
Куюп бер деп балам сунат табагын.
Кичинекей үйүбүздө үчөөбүз,
Күндөр өтөт, мезгил ачат барагын.
Апам ойлойт алыс жүргөн балдарын,
Ар биринин караанына жалбарып.
Алар келсе карбаластап апакем,
Билбей калат кайсы идишти кармаарын.
КӨПӨЛӨГҮМ
Көпөлөгүм менин көпөлөгүм,
Колуң кармап өзүңдү жетеледим.
Күлүп койсоң үн чыгарып, кыткылыктап,
Көөдөн толо кубанычка көкөлөдүм.
Калдалаңдап сууруласың колдоруман,
Колдоруңдан мотурайган колдоруңдан.
Карбаластайм акырын кармайын деп,
Көпөлөгүм, көпөлөк болгонуңдан.
Апакеңдин алдында учуп-конуп,
Аймалашып, жытташып, мышык болуп.
Абай салып карасам экөөңөрдү,
Баласынын баласы ысык болуп.
КЫЯЛДАНУУ
Кызыл чап, кумдуу шагылга,
Кой жаям таштуу адырга.
Кекилик сайрайт туш-туштан,
Караймын учкан аңырга.
Күн чачат жылуу жебесин,
Калкылдайт жашоо кемеси.
Коңулга уктап калышкан,
Козулар издейт энесин.
Кыялым учат теминет,
Кагылам кыргыз жеринен.
Көшүлүп уктап жаткансып,
Көл жатат тып-тынч мемиреп.