Жыл ичинде турак жай кооперативдеринин ишмердүүлүгү боюнча 37 материал сотко жөнөтүлдү

Жыл ичинде кыймылсыз мүлк чөйрөсүндөгү турак жай кооперативдеринин ишмердүүлүгү боюнча 130дан ашык кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин турак жай кооперативдеринин ишмердүүлүгүн талкуулаган тегерек столдо айтылды.

ИИМдин алдын ала маалыматы боюнча, турак жай кооперативдеринин ишмердүүлүгүнөн 198 жаран жабыр тарткан, чыгымдын жалпы суммасы 121 миллион сомдон ашкан. Жыл башынан бери кыймылсыз мүлк чөйрөсүндөгү турак жай кооперативдеринин ишмердүүлүгү боюнча 130дан ашык кылмыш иши козголуп, 37 материал сотко жөнөтүлдү.

Өлкөдө иштеп жаткан турак жай кооперативдеринин так саны белгисиз. Мамлекет бул жаатта башкаруу саясатын жүргүзбөйт. Бейрасмий маалыматтар боюнча алардын саны 70тин тегерегинде экени айтылып келет. Жакында бул маселелерден улам төрт кооператив биригип өзүнчө уюм түзүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан