Парламент: Лицензиясыз иштеген эл аралык жүк ташуучуларга салынчу айып пулдун өлчөмү көтөрүлөт

Жогорку Кеңеште бүгүн, 28-ноябрда өлкөдө жүк ташыган чет өлкөлүк жактардын жоопкерчилигин күчөтө турган мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. 

Мыйзам долбооруна ылайык, лицензиясыз иштеген эл аралык жүк ташууларга салынчу айып пулдун өлчөмү эки эсеге же 1000 сомго көбөйтүлөт. Мыйзамдын талабын экинчи жолу бузган жүк ташуучулар 5 миң сом, көп ирет бузгандар 10 миң сомго чейин айып пул төлөйт.  

Талкууда эл аралык жүк ташуучуларды ичкери киргизбей, өлкө жолдорун бузулуудан сактоо максатында чек араларда жүк терминалдарын куруу, ташылган жүктүн өлчөмүн так жүргүзүү боюнча сунуштар айтылды. Ошондой эле өлкөнүн аймагында чет өлкөлүк ташуучуларга администрациялык айыптардын салынбай жатышы, чет өлкөлүк унаа ташуучулардын ишин көзөмөлсүз калтырып жатканы белгиленди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан