4-майдан 24-майга чейин Сүйүмбаев көчөсү, Чүй проспектисинен Огонбоев көчөсүнө чейин унаа кыймылы жарым-жартылай жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 4-майдан 24-майга чейин Сүйүмбаев көчөсү, Чүй проспектисинен Огонбоев көчөсүнө чейин унаа кыймылы жарым-жартылай жабылат. Бул жерге «АкНазЭлбилдинг» подряддык уюму жер иштерин жүргүзүү ордерине ылайык жылуулук тармагын төшөйт.
Жол жабылган учурда унаалар Гоголь жана Осмонкул көчөлөрү аркылуу өтө алышат.