Борбор калаанын жолдорун оңдоо иштери жүрүп жатат

Борбор калаанын жолдорун оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, унаа тыгындарын азайтуу максатында Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасы менен “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы жол жээгине кошумча бир тилке кошуу менен кеңейтүү иштерин жүргүзүүдө. Курулуш иштери Айтматов-Горький көчөлөрү, Байтик Баатыр-Масалиев көчөлөрүнүн кесилиши (Түштүк магистраль) да жолду кеңейтүү тизмесине киргизилген.

Белгилей кетсек, «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы 2022-жылга тротуарларды капиталдык оңдоонун титулдук тизмесине ылайык, Манас/Айтматов проспектиси Жибек Жолу проспектисинен Ахунбаев көчөсүнө чейин өндүрүштүк планга киргизген. Учурда Лев Толстой көчөсүнөн баштап Ахунбаев көчөсүнө чейин асфальт төшөө үчүн бордюрларды орнотуу жана фундаментти даярдоо иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан