Баткенде жер титирөө катталды

Баткенде жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүдө жазылгандай, жер титирөө 6-май күнү саат 11:58 чамасында катталган.

"Жер титирөөнүн очогу Лейлек районунун Булак-Башы айылынан 7 чакырым түштүк-чыгыш жана 8 чакырым түндүк-чыгышта, Кольцо айылы жана Сүлүктү шаарынан 10 чакырым түндүк-чыгыш, Бешкент айылынан 15 чакырым түштүк-батыш, Карл Маркс айылынан 17 чакырым батыш, Исфана шаарынан 20 чакырым түндүк-чыгыш жана 100 чакырым Баткен шаарынын батыш тарабында жайгашкан", - деп жазылат билдирүүдө.

Калктуу конуштарда жер титирөөнүн күчү Булак-Башы жана Кольцо айылдарында 3,5 балл, Сүлүктү шаарында, Бешкент жана Карл Маркс айылында 3 балл, Раззаков шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан