Жогорку Сот республикалык майыптар коомунун 6 мүчөсүнүн газ жана электр энергиясы үчүн төлөмдөрүн төлөп берди. Бул тууралуу 28-ноябрда Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 13-ноябрда Кыргыз Республикасындагы майыптар коомунан 3-декабрь-Эл аралык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер күнүнө карата кийим, тамак-аш, дары-дармектер менен жардам берүү боюнча кайрылышкан.
Жогорку Сот Профсоюздар комитети менен кеңешип, жардамга муктаж 6 адамга жардам берүүнү чечкен. Аларга орто эсеп менен бир жылдык газ, электр энергияга болгон төлөмдүн акчасы берилди. Профкомдун чечими менен ар бирине тамак-аш үчүн 6000 сом, электр энергиясы үчүн 1300 сом, газ үчүн 2500 сомдон төлөндү.