Өзбек-кыргыз чек арасында каза болгондор бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болушкан. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ала-Букада Өзбекстандын чек арачыларынын огунан бир үй-бүлөдөгү үч жаран - 48 жаштагы киши жана анын 22 жана 24 жаштагы эки уулу каза болгон.
Эскерте кетсек, окуя 5-майда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Актам айылынын Дөбө-Коргон аймагында болгон. Анда Өзбекстандын чек арачылары 3 Кыргыз жаранына карата курал колдонгон. Анын натыйжасында 1974-жылы туулган А.К., 1998-жылы туулган А.Ж. жана 2000-жылы туулган Ж.А. аттуу Кыргыз жарандары Ала-Бука райондук ооруканасында көз жумган.
Окуя катталгандан кийин эки өлкөнүн өкүлдөрү жолугушуу өткөргөн. Анда тараптар ички иликтөөлөрдүн жыйынтыгы менен жолугушууну 6-майда улантууну макулдашкан.