9-майда "Өлбөс полктун" жүрүш маалында айрым көчөлөр жабылат. Алар кайсылар?

9-майда өтүүчү "Өлбөс полктун" жүрүш маалында айрым көчөлөрдүн бөлүктөрү жабылат. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара саат 9:00дө башталып, болжол менен саат 13:00гө чейин созулат. Андыктан төмөнкү көчөлөрдүн бөлүктөрү убактылуу жабылат.

- А.Токомбаев көчөсүнүн Байтик Баатыр көчөсү менен кесилишкен бөлүгү;

- Байтик Баатыр көчөсү түндүктү көздөй Жумабек көчөсүнө чейинки бөлүгү;

- Жумабек көчөсүнүн Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү:

- Ибраимов көчөсүнүн Чүй кең көчөсүнө чейинки бөлүгү.

"Урматтуу шаар тургундары жана коноктору иш-чара учурунда жогорудагы көрсөтүлгөн жолдорду эске алуу менен баарыңыздарды маршруттук каттамыңыздарды алдын ала пландап алууңуздарды суранабыз. Иш-чаранын жүрүшүндө милициянын кайгуул кызматкерлери коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун толук кандуу камсыз кылат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан