Бишкекте Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын эл аралык күнүнө карата “Таза батир” аталышындагы акция өтүүдө

Бишкек шаар мэриясына караштуу Октябрь райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан 3-декабрь Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнүнө карата бир айга созулган “Таза батир” аталышындагы акция өтүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда Октябрь райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган акция 1-ноябрдан 5-декабрга чейин өтөт. Ага жогорку окуу жайларынын студенттери менен башкармалыктын кызматкерлери катышып, алар жалгыз жашаган майыптардын үйүн тазалашууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан