Селден жабыркагандарга Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлери да жардам беришүүдө

Жазаларды аткаруу кызматынын өздүк курамы селден жабыркагандарга жардам берип жатат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жазаларды аткаруу кызматынын Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин 5-өзүнчө батальонунун өздүк курамы 3-4-май күндөрү нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы сел жүрүп кеткен айылдарга барып, жабыркаган жарандарга жардам көрсөтүп жатышат.

“Сел жүрүү көпчүлүк аймактарда катталгандыктан өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте 5 өзүнчө батальондун жоокерлери биринчилерден болуп жардамга келишкен, алгач кооптуу болуп турган үйлөрдө жашаган жарандарды башка коопсуз жайларга көчүрүшкөнгө көмөктөштү, азыркы учурда биздин аскер кызматчылар Барпы айыл аймагынын Комсомол айылында турак үйлөрдүн ичин ылайдан тазалап, жардам беришүүдө.

Эки күндөн бери, 5-6-май күндөрү жалпысынан 50 аскер кызматкери иштеп жатат”, - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан