Элчи Эрлан Абдылдаев Тажикстандын тышкы иштер министри менен чек ара маселелерин талкуулады

6-май күнү Кыргызстандын Тажикстан өлкөсүндөгү элчиси Эрлан Абдылдаев Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушууда элчи Эрлан Абдылдаев эки тараптуу кыргыз-тажик мамилелеринин бүткүл комплексин илгерилетүү жана маселелерди чечүү үчүн максималдуу күч-аракет жумшоого даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Тажикстандын саясий, соода-экономикалык, суу-энергетикалык, туристтик, гуманитардык чөйрөлөрдө, ошондой эле жарандардын укуктарын коргоо боюнча эки тараптуу кызматташтыгынын учурдагы абалы жана өнүгүү келечеги, чек ара жана регион аралык кызматташуу маселелери талкууланган.

"Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо процессин тездетүү, ошондой эле чек ара боюнча Кыргызстандын жана Тажикстандын Өкмөттүк делегацияларынын ишин активдештирүү зарыл деген пикирге келишти. Министрликтердин жана ведомстволордун деңгээлинде интенсивдүү байланыштарды улантуу жөнүндө макулдашуу жетишилген, ошондой эле жогорку жана эң жогорку деңгээлдерде боло турган иш-чаралардын графиги талкууланды", - деп жазылат маалыматта.

Өлкөдө дипломатиялык миссиясынын башталышына жана ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн тапшыруусуна байланыштуу бул жолугушуунун алкагында Сироджиддин Мухриддин Эрлан Абдылдаевди жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктап, Тажикстанда дипломатиялык миссияны ишке ашырууда ийгиликтерди каалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан