Бишкектин четинде адашып жүргөн наристени милиция кызматкерлери ата-энесине алып барып беришти. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 6-майда Бишкектин четиндеги айланма жолдун жээгинде жалгыз жүргөн 3-4 жашар баланын видеосу Вотсап аркылуу тараган. Милиция ыкчам аракеттерди көрүп, ал баланын ата-энеси укук коргоо органдарына кайрылып наристесин издеп жатканын аныкташкан.
Милициянын аймактык тескөөчүсү баланы аман эсен таап, эки сааттан кийин ата-энесине кайтарып беришкен.
Наристенин ата-энесине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.