6-майда Ош облусунун Ноокат районунда жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Ага ылайык, саат 19:30 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен сел өтүүчү каналдын суусунун деңгээли көтөрүлүп, Кулатов айыл өкмөтүнүн Абшыр-Ата айылынан өтүүчү Дөдөн-Абшыр-Ата унаа жолунун 47-чакырымндагы көпүрөнүн бир бөлүгүн, мындан тышкары, 50-чакырымында жайгашкан көпүрөнү агызып кеткен.
Жерине 1 манипулятор жана экскаватор тартылып, көпүрөнү калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Кошумча маалымат берилет.