Бишкек шаарынын акимдеринин ыйгарым укуктары кеңейтилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, муниципалдык администрациялардын ыйгарым укуктарын күчөтүү, муниципалдык тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлдөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык чарба департаменти аткарган тышкы жарыктандырууларды, ирригациялык системаларды, жолдорду тейлөө жана оңдоо, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, муниципалдык аймактарды жашылдандыруу, таштандыларды чыгаруу жаатында жумуштарды аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү боюнча иштер, Бишкек шаарынын мэриясынын администрациялык райондор боюнча муниципалдык административдик жетекчилигине милдеттендирилди.
Тиешелүү токтомго борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду. Бул буйрук 30-апрелде күчүнө кирди.