Ош шаардык соту бүгүн, 28-ноябрда “Ош шейиттери” коомдук фондунун төрайымы Тургунайым Айтиевага карата козголгон кылмыш ишин карашат.
Эскерте кетсек, аталган коомдук фонддун төрайымы Тургунайым Айтиеваны 26-ноябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан камакка алынган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 94-беренесине ылайык, 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Буга чейин анын үстүнөн коомдун мүчөлөрүнөн жана жөнөкөй атуулдардан бир нече арыздар түшүп, арыздануучулардын жана бул айымдын өз ара келишиминин негизинде иш жабылып келген. Бул жолу анын үстүнөн КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин (денеге анча оор эмес залал келтирүү) негизинде иш козголгон.