Президент Садыр Жапаров "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасына техникаларды тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-майдаЭнергетика министрлигине караштуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын Нарын облусунун Жумгал районундагы Кара-Кече кенинде көмүр казып жаткан Кара-Кече филиалынын иши менен таанышты. Мамлекет башчысы көмүр кенинде иштей турган 50 HOWO жүк ташуучу унаасын жана 4 жүктөгүчтү көрүп чыгып, Кара-Кечин филиалынын кызматкерлерине ачкычтарын тапшырды. Бул техниканы “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы “Айыл банктан” лизинг менен алып берген. Биринчи этапта «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасына жалпы суммасы 245 573 250 сомду түзгөн жарым чиркегичтери менен 50 даана HOWO үлгүсүндөгү жүк ташуучу тракторлор жана 4 даана алдыңкы жүктөгүчтөр алынган.