Алайда селден жабыркаган 2 бейтап ооруканада дарыланууда

Ош облусуна караштуу Алай районунун Корул айылында 3-майда катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, андан эки адам жабыркады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, табигый кырсыктан оор жаракат алгандар жок, 2 бейтап ооруканада дарыланууда, абалы канааттандырарлык. Ал эми 9 кош бойлуу аялдын ичинен бирөө көз жарды, абалы туруктуу.

"Учурда эки медициналык бригада, тактап айтканда, үй-бүлөлүк дарыгер, психолог, психиатр жана невролог иш алып барууда.

Мындан тышкары, дары-дармек жана "Тез жардам" унаасы менен камсыздандырылды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан