Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө
Сатыбалдиев Шанхай кызматташтык уюмунун өкмөт башчылар кеңешинин 12-отурумуна
катышуу үчүн Ташкентке учуп кетти. Бул
тууралуу 28-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Ташкенттеги жолугушуунун катышуучулары ШКУга
мүчө өлкөлөрдүн иштиктүү кызматташуусун тереңдетүү маселелерин талкуулашат.
Транспорт тармагында өз ара мамилелерди кеңейтүү, ишенимдүү
транспорттук-логистикалык чынжырларды жана коридорлорду түзүү келечегин кароо
пландаштырылууда.
Мындан сырткары эл аралык ташууларга ыңгайлуу шарттарды түзүү тууралуу
өкмөттөр аралык келишимге кол коюу күтүлүүдө. Иш-чаранын алкагында катышуучулардын бир катар эки
тараптуу жолугушуулары пландаштырылган.
ШКУга мүчө өлкөлөрдүн делегация башчыларынан тышкары
бул жыйынга ШКУнун байкоочу өлкөлөрү – Монголия, Пакистан,
Индия, Ооганстан, Ирандын жана БУУнун, КМШнын өкүлдөрү катышат.