Кочкор районунда унаа дарыяга түшүп кетип бир адам каза болду

Нарын облусунун Кочкор районунда унаа дарыяга түшүп кетип, кырсыктын кесепетинен бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, Кочкор районунун Өрүктам-Сары-Булак унаа жолунун 12-чакырымында “Volkswagen Passat B3” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып оодарылып, Кара-Кужур суусуна түшүп кеткен.

"Кырсыктан улам 3 эркек 1982-жылы туулган Т.З, 1966-жылы туулган Т.М жана 1967-жылы туулган А.А аттуу жарандар жеңил жаракат алып, ал эми 1964-жылы туулган эркек Т.Т. каза болгон.

Куткаруучулар каза болгон адамды унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жабыркагандардын абалы канаттандыраарлык", - деп жазылат маалыматта.

Жерине Кочкор райондук №42 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылганы маалымдалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан