Айдоочуларды даярдаган 13 автомектеп жабылды

Өлкөдө талаптарга жооп бербеген айдоочуларды даярдоочу 13 мектеп жабылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган мекеменин кызматкерлери тарабынан айдоочуларды даярдоочу 118 мектептин ишмердүүлүгү текшерилип, анын ичинен 109 мектепке эскертмелер берилди.

"Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 284-берененин 1-бөлүгү менен 13 айып протоколу, ушул эле берененин 2-бөлүгү менен 22 айып протоколу толтурулуп, жалпысы 673 миң сом айып салынды. Ал эми лицензиялык талапка жооп бербеген 13 автомектеп жабылды.

Өлкө боюнча айдоочуларды даярдоочу 272 мектепке лицензия берилген", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан