"Челси" клубу расмий түрдө сатылганы маалым болду. Клубдун жаңы кожоюндары кимдер?

"Челси" клубу расмий түрдө швейцариялык Хансйорг Висс жана америкалык Тодд Боэли менен Марк Уолтер аттуу ишкерлерге сатылды. Бул тууралуу дүйнөлүк спорт басылмалары жазды.

Маалыматка ылайык, жаңы кожоюндар лондондук клуб үчүн 2,5 миллиард фунт (2 миллиард 468 миллион) төлөйт. Ошондой эле клубду ар кандай багытта өнүктүрүү үчүн инвестиция катары кошумча 1,75 миллиард фунт (1 миллиард 327 миллион доллар) сала турганы кабарланды. Спорт басылмалары белгилегендей "Челси" үчүн бериле турган 2,5 миллиард фунт кайрымдуулук иштерине жана украиналык качкындарга жардам көрсөтүүгө жумшалат.

Учурда клубдун бардык акцияларын жаңы кожоюндардын карамагына өткөрүп берүү иштери жүрүп жатканы кошумчаланды. Ал эми клуб толугу менен май айынын аягында жаңы жетекчиликке өтөт.

Белгилей кетсек, "Челси" клубуна 2003-жылдан бери орусиялык ишкер Роман Абрамович ээлик кылып келген. Анын тушунда клуб 5 ирет Англия премьер-лигасын, 5 жолу Англия Кубогун, 2 жолу Англия Супер Кубогун, 2 ирет Чемпиондор Лигасын, 2 жолу Европа Лигасын жана 1 жолу УЕФА Супер Кубогун жеңип алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан