Садыр Жапаров "Белес" автобустары сынактан өтөрү менен массалык түрдө буйрутма бериле турганын билдирди

Президент Садыр Жапаров "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде "Белес" ишканасы чыгарган ата мекендик автобустарды Бишкек мэриясы албай койгондугу боюнча пикирин билдирди. Анда ал "Белес" автобустары сынактан өтөрү менен массалык түрдө буйрутма бериле турганын айтты.

"Биз ата мекендик өндүрүшчүлөрүбүздү колдойбуз. Колдобойбуз деген эч ким жок. Бул автобус биринчи жолу чыгып жатат. Андан тышкары, бир гана автобус чыкты. Мэрияга болсо 2000 автобус керек. Ошондуктан, азырынча 10 автобус, 10 троллейбус заказ берип, аны бир жыл сынактан өткөрөлү деп чечтик. Сынактан өтөөрү менен массалык түрдө буйрутма беребиз. 2000 автобуска оңой эмес акча каражаты кетет. Ал акча бюджеттин акчасы. Анан баарын буйрутма берип алып сынактан өтпөй калса ким жооп берет. Бул жагын да карашыбыз керек да. Менчик акчаң болсо анда тобокелге бара берсең болот эле. Элдин ар бир тыйынын сарптоодо кылдат болушубуз керек. Ийгиликтин эрте кечи жок. Кудай буюрса баары жакшы болуп кетсе, ата мекендик компания "Белес" да бутуна турат. Сабыр кылып тургула", - деди өлкө башчысы.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров буга чейин ата мекендик автобус кураштырган "Белес" ишканасынан 10 троллейбус, 10 автобус буйрутма кылып алгыла да, сыноодон өткөргүлө" деп мэрияга тапшырма бергенин айткан. Бирок мэрия автобустар дүйнөлүк бренддер сунуштап жаткан баадан бир кыйла кымбат экендигин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан