Кайрат Примбердиев "Аквамарин" деген топто ырдай баштады
Ырчы Кайрат Примбердиев "Аквамарин" деген топто ырдай баштады. Бул тууралуу бизге ырчы өзү кабарлады. Анын айтымында, аталган топ 5 адамдан турат. Кыргыздардан тышкары орус, корей улутунун өкүлдөрү бар. "Топ поп-рок жанрында ырдайт. Мен вокалисти жана көркөм жетекчисимин. Жакында обону жана сөзү мага таандык болгон "Үмүтүмө" деген ырыбызды жаздырып бүттүк",- дейт К.Примбердиев.