Канада АКШ буга чейин киргизген тарифтерге жооп катары америкалык товарларга жаңы бажы төлөмдөрүн киргизерин жарыялады.
Канаданын Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, 8-сентябрдан тарта айрым товарларга 15, 25 жана 50 пайыздык жооп иретиндеги тарифтер колдонулат.
Белгилей кетсек, АКШ 22-августтан тарта Канаданын айрым товарларына 50 пайыздык бажы төлөмдөрүн киргизген. Жаңы тарифтер болжол менен 20 миллиард долларлык канадалык импортту камтыйт.
Канаданын жаңы чаралары АКШнын тарифтерине жооп катары кабыл алынууда.