Министрлер митингчилердин талабын угушту (фоторепортаж)

"Биз майыптарды бөлбөшүбүз керек". Мындай билдирүүнү бүгүн вице-премьер-министр Камила Талиева майыптар менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, башка мамлекеттерде майыптарды бөлүшпөйт. Аларды коомдун толук кандуу мүчөсү катары кабыл алышат.

“Кыргызстанда 73 600дөн ашык майып бар. Чынында, бөлүнгөн жөлөк пулдун суммасы аз. Биз аны жогорулатуунун жолдорун карап жатабыз. Бирок ошол эле учурда таптаза туруп эле жөлөк пул алып жаткандары да бар. Ошол тармактагы коррупциялык иштерди жолго салуу менен быйыл 350 миллион сом үнөмдөдүк. Анан дагы акча майыптардын колуна түз тийиши керек”,- дейт Камила Талиева.

Эскерте кетсек, бүгүн, 28-ноябрда Кыргызстандагы майыптар биримдигинин мүчөлөрү Ак үйдүн, Өкмөт үйүнүн алдында митинг уюштурушкан. Алар социалдык төлөмдөрдү, мамлекеттик жардамдарды көбөйтүүнү жана Жогорку Кеңеш майыптардын укугу боюнча эл аралык конвенцияны кабыл алуудан мурда, ички мыйзамдарды жолго коюуну талап кылып чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан