Президент Садыр Жапаров Дача-Су окуясын иликтөөгө активдүү жарандарды, иликтөөчү журналисттерди жана уюмдардын өкүлдөрүн чакырат. Бул тууралуу өлкө башчы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Анда ал Дача-Су окуясы боюнча иш абдан начар, жай жүрүп жатканын билдирип, коомдук комиссия түзүү чечимин кабыл алгандыгын билдирди.
"Урматтуу кыргызстандыктар! Эл койгон негизги талаптардын сап башында "Ош окуясы менен Дача-СУ окуясын иликтеп, аягына чыгарып бергиле" деген талап болгон. Ош окуясын иликтөө аяктап калды деп маалымат беришти. Жакында иш сотко кетет экен. Ал эми Дача-СУ окуясы боюнча иш абдан начар, жай жылып жатат. "Иликтеген тергөөчүлөр мурда дагы иликтеген, балким көп нерселерди жашырып коюп жатышабы" деген маалымат беришти. Ошондуктан, коомдук комиссия түзүү чечимин кабыл алдым. Жакында тескеме чыгат. Активдүү жарандарыбызды, иликтөөчү журналисттерибизди, өкмөттүк эмес уюмдардан өкүлдөрдү дагы чакырабыз. Иликтөөгө мамлекет тараптан ар тараптуу жардамдар көрсөтүлөт. Тергөө тобундагы кагаздар менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн түзүп беребиз. Каалоочулар болсо Администрациянын укуктук жактан камсыздоо башкармалыгынын башчысы менен байланышыңыздар", - деп жазды Садыр Жапаров.