"Ленинград блокадасы боюнча кыргыз коомунун" төрайымы Анна Кутанова 92 жаш курагында дүйнө салды

"Ленинград блокадасы боюнча кыргыз коомунун" төрайымы Анна Кутанова 92 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашты.

Анна Кутанова 1930-жылы 18-январда туулган.

Ал Кыргызстанга эвакуацияланганга чейин Ленинградда жашаган. Мектеп курагында штабга ок аткылоо жана бомбалоого кабылгандар тууралуу маалымат берип турган.

"Ленинградды коргогондугу үчүн" медалы жана башка көптөгөн юбилейлик төш белгилердин ээси.

2012-жылы анын демилгеси менен Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы сейил бакта Ленинград блокадасына арналган эстелик ачылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан