Талибдер Тажикстанды ракета менен аткылады

Ооганстанды басып алган "Талибан" кыймылы коңшу Тажикстанга жети ракета атты. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, "Талибан" кыймылы аткан ракеталардын төртөө Пянж дарыясына, калган үчөө токойдун айланасына түшкөн. Согушкерлер ракетаны Ооганстандын Тахор провинциясынын аймагындагы тажик-ооган чек арасына жакын жерде аткан. Андан кийин алар Toyota унаасына отуруп качып кетишкен.

Бактыга жараша эч ким жабыркаган эмес.

Апрель айында "Талибан" кыймылы Ооганстан мындан ары чет элдик жана коңшу өлкөлөрүнүн баскынчыларына чыдабай турганын эскерткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан