20-ноябрда Башкы прокуратура тарабынан камакка алынган Ахматбек Келдибековдун тарапташтары Ош шаарынын борбордук аянтында ачык асман алдында штаб ачышты. Буга чейин уюштуруучулар тарабынан боз үй тигип штаб ачуу аракети көрүлгөндө укук коргоо органдары уруксат беришкен эмес.
Эскерте кетсек, 19-ноябрда Башкы прокуратура депутат Ахматбек Келдибековго карата Кылмыш-жаза кодексининин 303-304-беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, УКМКнын тергөө абагына камаган. Депутат 2005-жылдары Социалдык фонддун төрагасы болуп турган кезде 21 миллион сомдон ашык каражатты негизсиз короткон деп айыпталууда.