Шашылыш билдирүү! Өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт

10-12-майда өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Мындай маалыматты ӨКМдан таратышты.

Ага ылайык, 10-майда күндүз жана 11-12-майда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар, ал эми кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым аймактарда мөндүр жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы төмөндөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан