Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү пунктунда Тышкы миграцияны каттоонун бирдиктүү тутумунун ишинде мүчүлүштүктөр болуп, анын кесепетинен адамдардын жана унаалардын кезеги пайда болду. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, кечээ, 8-май күнү саат 14:50дө Тышкы миграцияны каттоонун бирдиктүү тутумунда мүчүлүштүктөр пайда болуп, мындан улам кезек күткөндөр көбөйгөн. Тутум саат 17:50дө калыбына келтирилип, саат 18:30га карата адамдар чек арадан өткөрүлө баштаган.
Чек ара кызматы мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги абал туруктуу деп мүнөздөлүп жатканын белгилейт.