Орусияда Кыргызстандын жарандарына 10 ай ичинде 76,1 миң патент берилген. Бул тууралуу 28-ноябрда Орусиядагы Федералдык миграциялык кызматынын маалыматына таянып Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2013-жылы Орусия Федерациясына кирүүгө 31 694 адамга тыюу салынган. Мындан сырткары 10 ай ичинде Орусияга 584 миң кыргызстандык кеткен. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 25,9 пайызга көп (2012-жылы 464,2 миң).
Орусия 9 ай ичинде Кыргызстандын 44 жаранын депортациялоого, 2 545 жаранын административдик негиз боюнча өлкөдөн чыгарууга чечим чыгарган.
Ошондой эле көрсөтүлгөн убакыт аралыгында 74,8 миң жумушка орношуу боюнча уруксат берилген. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 23,8 пайызга аз. Анын ичинде квалификациясы бар адистерге – 3,5 миң жана жогорку квалификациядагы 142 адиске уруксат берилген.