Кохир Расулзода Тажикстандын премьер-министри болуп дайындалды

Тажикстандын премьер-министри болуп Кохир Расулзода дайындалды. Буга байланыштуу КРнын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев ага куттуктоо жиберди. Куттуктоодо “Урматтуу Кохир Расулзода! Сизди Тажик Республикасынын Премьер-министри болуп дайындалышыңыз менен чын ниетимден куттуктайм.

Кыргызстанда Тажикстан менен өз ара түшүнүшкөн достук мамиленин чыңдалышына жана мындан ары да кызматташтыгыбыздын тереңдешине өзгөчө маани берилет. Сиздин бул мамлекеттик кызматтагы ишмердүүлүгүңүз Кыргыз Республикасы менен Тажик Республикасынын эки тараптуу кызматташтыгынын өнүгүүсүнө, ошондой эле биздин мамлекеттердин элдеринин достук салтын тереңдетүүгө түрткү берет деп ишенем.

2013-жылдын 28-29-ноябрында Ташкентте өтүүчү Шанхай кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешмесинде сиз менен биргелешкен кызыкчылыктарды камтыган маселелерди талкуулоодо жолугушам деп ниеттенем.

Сизге чын дилимден чың ден соолук, бакубаттуулук жана жаңы, жоопкерчиликтүү кызматыңызда албан-албан ийгиликтерди каалайм”,- деп айтылат. 

Эскерте кетсек,  6-ноябрда Тажикстанда президенттик шайлоо өтүп, анда Э.Рахмон шайлоочулардын 84 пайыз добушун алуу менен төртүнчү мөөнөткө президент болуп шайланган. Рахмондун буйругу менен Тажикстандын өкмөтү 18-ноябрда толук курамда отставкага кеткен болчу. Тажикстандын Конституциясына ылайык, өлкөнүн премьер-министри, министрлер, мамлекеттик комитеттин башчылары жаңы шайланган президенттин алдында ыйгарым укуктарын тапшырышкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан