Бүгүн Жалал-Абад шаарында Улуу Жеңиш майрамы белгиленип, "Өлбөс полк" маршы болуп өттү.
Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришкендей, майрамдык иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Сафин Гаффан, концлагерь туткуну Валентина Симоненко, Орусиянын Оштогу башкы консулу баштаган коноктор жана шаар тургундары катышты.
"Президент Садыр Жапаровдун согуш ардагерлерине куттуктоо сөзү айтылып, белектер тапшырылды. Ошондой эле салтка айланган "Өлбөс полк" жүрүшү уюштурулуп, "Кайгырган эне" эстелигине гүл коюлду", - деп айтылат маалыматта.