Коррупцияга шектелип "Дастан" ишканасынын мурдагы жетекчиси кармалды

"Дастан" ишканасынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшов коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл райондук жана облустук, Бишкектин жана Чүй, Ысык-Көл облустарынын район аралык, Жогорку Соттордун жана президенттин иш башкармалыгынын, Мамлекеттик мүлк фондунун, Мамлекеттик каттоо кызматынын кызмат адамдары катышкан татаал коррупциялык көрүнүштөрдү түзүү менен кымбат баалуу 56 батир жана 27 коттеж менчик структураларынын менчигине өткөрүлгөн.

"Тергөө учурунда аталган кыймылсыз мүлктү мамлекеттин менчигинен алуунун негизги уюштуруучуларынын бири бул иш боюнча буга чейин кармалган адамдардан тышкары белгилүү Алексей Ширшов экени аныкталган.

Бул топ мамлекеттик жана сот органдарынын жогорку кызмат адамдарына акча каражаттарын жана кыймылсыз мүлктөрдү, анын ичинде «Аврора плюс» борбордук органына өткөрүп берүү жолу менен камкордукка алынган, бул боюнча тергөөдө тиешелүү далилдер табылган.

Коррупциялык схеманы түзүүнүн натыйжасында, Ысык-Көл облусунун рекреациялык зонасында кымбат баалуу кыймылсыз мүлктөрдү мамлекеттин менчигинен алуу түрүндө мамлекеттин кызыкчылыгына өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

10-майда Алексей Ширшов Кылмыш-жаза кодексинин (коррупция) беренесине шектелип кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп жазылат атайын кызматтын маалыматында.

Бул иш боюнча тергөө иштери уланып, анын алкагында башка айыпталуучулардын аракеттерине юридикалык баа берилип, мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча комплекстүү чаралар көрүлөрү маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан