"Кумтөрдүн" бир жылдык каржылык жана башка ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн Эсептөө палатасы жиберилди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.
"Кумтөрдүн" бир жылдык каржылык жана башка ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн Эсептөө палатасын жибердим. "Кумтөр" алтын кенине 2021-жылдын 17-майында тышкы башкаруу кирген, андан бери бир жыл өттү. Текшерүү бүткөн соң (болжол менен эки айдан кийин) жалпы элге маалымат берилет", - деген өлкө башчы.