Жети-Өгүздүн Саруу айылындагы митингчилер “Кумтөр” ишканасына караштуу оор жүк ташуучу унааны барымтага алышты. Муну SUPER.KG порталына Жети-Өгүз районунун акими Дамир Моңолдоров билдирди. Унаадагы жумушчуларды түшүрүп, белгисиз тарапка айдап кетишти. Нааразы тарапка түшүндүрүү иштери жүрүп жатканы айтылды.