Бүгүн, 10-майга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 9 миллиард 424 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ААКсынан билдиришти.
Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 1313 метр куб, агып чыгышы 245 метр кубду түзүүдө.
Былтыр бул күнү суу сактагычта 9 миллиард 295 метр куб суу болгон.