Алмазбек Исманкуловдун менчик клиникасынын алдында митинг өттү

Бишкектеги №2 көп профилдүү клиникалык ооруканада, тагыраагы Алмазбек Исманкуловдун менчик клиникасынын алдында митинг өттү. Анда чогулган тараптар имаратты бошотуп коюу талабын айтып чыгышкан.

Чогулгандар "Элдин мүлкүнөн колуңду тарт", "Мамлекеттик менчик кол тийгис" деген жазуулар бар плакаттарды көтөрүп алышкан.

Белгилей кетсек, 10-мартта Алымкадыр Бейшеналиев көздүн микрохирургиясы клиникасынын жетекчиси Алмазбек Исманкулов менен телефон аркылуу байланышып, 3 сааттын ичинде клиниканы бошотуп коюуну айткан. Бирок имарат бошотулбаганына байланыштуу клиникага мөөр басылган. Кийинчерээк министр Исманкулов отурган имараттын эшигин ширеттирип салганын айткан.

Алмазбек Исманкуловдун менчик клиникасынын алдында митинг өттү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан