Москвада балдарды кордогон деген шек менен “Жылдын мугалими” сынагынын жеңүүчүсү Сергей Кочережко кармалды. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, мугалим апрель айында "Чистые пруды" метро станциясында вагондо жашы жете элек жүргүнчүлөргө шымын түшүрүп, жыныстык органдарын көрсөткөн. Балдар дароо жакынкы станциядан түшүп, бул тууралуу ата-энелерине айтышкан.
Полиция кызматкерлери камераларды карап, бир жумадан кийин шектүү кишини кармашкан. Ал 32 жаштагы тарых жана коом таануу мугалими Сергей Кочережко болуп чыккан.
Сергей Кочережко Самара мамлекеттик университетинин бүтүрүүчүсү. 2015-жылы "Жылдын мугалими" сынагынын жеңүүчүсү болгон. Бул үчүн ага Lada Kalina үлгүсүндөгү унаа белекке берилген.