Акылбек Жапаров президенттин администрациясы менен кеңешме өткөрдү

Акылбек Жапаров президенттин администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда ыкчам кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлашты.

Мекемеден билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө тиешелүү кызматтарга социалдык жөлөк пулдарды жогорулатуу жана жеке жер тилкелерин трансформациялоо маселелерин иликтөө табышталды.

Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө министрлер кабинетинин башчысы электрондук документ жүгүртүүгө өтүү боюнча тапшырманын аткарылышынын жүрүшү менен таанышты.

11-майдан тартып Акылбек Жапаровдун тапшырмасы боюнча ведомстволор аралык жана ички кызматтык кат алышуулар электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу жүргүзүлүшү керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан