Азыктардан массалык уулануу. Өлкөдө базарлар жана дүкөндөр пландан тышкары текшерилүүдө

Өлкөдө массалык уулануудан кийин базарлар жана дүкөндөр пландан тышкары текшерилүүдө. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинен билдиришти.
Маалыматка таянсак, анда ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин талаптарына жооп бербеген каймактуу кондитердик азыктар каралат. Ошондой эле тез бузулуучу азыктарды сактоо шарттарын бузуулар аныкталган учурда мыйзам чегинде чаралар көрүлөт.
Санэпидемстанция мекемеси жарандарды тез бузулуучу кондитердик азыктарды алууда этият болууга жана сактоо шарттары жок (муздаткычы жок) жерден албоого чакырат.

Маалымат үчүн:

Ошто кондитердик азыктан 35 адам ууланган, анын ичинен 18и 14 жашка чейинки балдар болгон. Ошондой эле 5-май күнү Бишкекте тез татым жайында 11 адам ууланганы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан