Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев кызматтан кетти

Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мэриядан маалымат таратышты.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка мэр Эмилбек Абдыкадыров кол койгон.

Ал эми Ырсалиев "Бишкек жылуулук энерго"коммуналдык ишканасына директор болду. Буга чейин аталган ишкананы жетектеп келген Азамат Оморов арызынын негизинде кызматынан бошотулган.

Белгилей кетсек, Жамалбек Ырсалиев Бишкек шаарына вице-мэр болуп ушул жылдын март айында дайындалган.







РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан