Аксынын бир нече айылындагы айдоо жерлерин чегиртке каптады (сүрөт, видео)

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кербен шаарынын айланасын, Жерге-Тал, Кашка-Суу айыл өкмөттөрүндө айдоо жерлерди массалык түрдө зыянкеч саранчалар каптады. Бул тууралуу райондогу Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Шекербек Камчыбек уулуна байланышканыбызда билдирди.

Анын айтымында, учурда зыянкечтерден арылуу максатында иш-чаралар көрүлүп жатат.

"Бизде чегиртке каптаганы бир аптадан ашык убакыт болду. Кербендин Ак-Терек, Аксынын Кашка-Суу тилкелеринде 20 жыл мурун чегирткелер массалык түрдө айдоо талааларын каптаган учур болуп, анда учактар менен дары чачылган экен.

Айыл чарба департаментинен өкүл келип, аталган чегирткелер марокко саранчасы экенин аныктады. Тиешелүү кызматтарга билдирме жөнөтүлдү. Бизге дары чачкан 2 унаа берилген. Бүгүнкү күндө Кербен шаарынын айланасында 800 гектар жер дарыланып бүттү. Кашка-Сууда 3 гектар жерге дары чачылды. Калган бөлүгүн дарылоо улантылат. Чачылган дарылар эффективдүү болгон үчүн 2-3 сааттан кийин зыянкечтер жок болууда", - деди айыл өкмөтүнүн башчысы.

Аталган жерлер айыл элинин үлүштүк жери. Анда тургундар беде, эсперцет сыяктуу көп жылдык чөп эгишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан