Бишкектеги Октябрь райондук администрациясы тарабынан Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнүнө карата бир катар иш-чаралар уюштурулмакчы. Бул тууралуу 28-ноябрда Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 29-ноябрда саат 11:30да “Оберег” реабилитациялык борборунда Октябрь районунун башчысынын катышуусунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин катышуусунда иш-чара өтөт. Балдар үчүн концерттик программа коюлуп, тамак-аш берилип, материалдык жардамдар көрсөтүлөт.
Мындан сырткары аталган иш-чара “Ювентус” реабилитациялык борборунда 3-декабрда саат 11:00дө өтөт.